Кызсайкал Кабылова — Бактым таптым

Текст песни Кызсайкал Кабылова — Бактым таптым

Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың,
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын.
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым,
Мен өзүңө байланамын.

Сени менен бакыт барын сеземин,
Билем жаным,жалгыз сендик экеним.
Менин тунук бакытыма себепсиң,
Жүрөгүмдө,сезимдесиң.

Сен менен жаным,
Мен ай бактым таптым…
Жаркытып жашоомо,
Жарык нуруңду чачтың.

Дайым менин жанымдасың бир өзүң,
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң.
Сени менен чогуу бирге өткөргөн,
Кымбат мага мүнөттөрүм.

Бактылуумун өзүң барсың жанымда,
Эркелетип,сүйүп турган дайыма.
Кандай жакшы жазылганың багыма,
Бакыт болбой башкаларга.

Насколько полезен контент?

Нажмите на звезду, чтобы оценить!

Средняя оценка 5 / 5. Количество оценок: 3

Оценок пока нет. Поставьте оценку первым.

  Танат Абельдинов – Анашым